11:52, 26 апреля 2019, 24.kg

Бишкекте уранга каршы митингди колдогондордун саны көбөйүүдө

Бишкекте өтүп жаткан митингде уран казууга каршы болгондордун саны көбөйүүдө. Учурда алардын саны 300гө чукул. 

Photo 116004

Нааразы тарап Ала-Тоо аянтына келишти. Алар Чернобль атомдук электр станциясында болгон кырсыкта курман болгондорду эскеришти.

Акциянын катышуучулары өкмөткө жана биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын артка кайрып алдык деп алдабагыла деген чакырык ташташты.

Эске салсак, кечээ Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. Бирок, эл буга макул болбой, уран кенинин казылышы биротоло толугу менен токтотулушу керек деген пикирде. Мындан улам, бүгүн Ысык-Көлдөн тургундар жөө жүрүш менен Ак үйдүн алдына келип, өз талаптарын коюшмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18