10:16, 26 апреля 2019, 24.kg

Сирияда террористтерди машыктырган кыргыз жараны кармалды

УКМК чет элдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун согушкерин кармады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

УКМК маалыматында, А.А.И. 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-теорроисттик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин ал террористердин лагерлеринде жалданган рекуттарды машыктырган.

Photo 115963

Ал Кыргызстанга «куралчан жихад» уюштуруу тапшырмасы менен келген.

УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат жана анын жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18