10:01, 26 апреля 2019, 24.kg

Жалал-Абадда аялдардын диний радикалдашуусу күчөөдө

Жалал-Абадда аялдардын диний радикалдашуусу күчөөдө. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөн трансформацияланган диний экстремисттик уюмдардын таасири менен аймакта диний радикалдашуу өнүгүүдө.

«Жаштардын жана аялдардын диний радикалдашуусу күчөп бараткандыгы, дин тутунган аялдардын, өзгөчө жеке үйлөрдө окуган, ар түрдүү топторго биригип алып диний таалим алып жаткан кыз-келиндердин бар экендиги айгинеленүүдө», — дейт облустук милиция. Көпчүлүгү Сирияга мурда кеткен туугандарынын же күйөөлөрүнүн чакыруусунан баш тарта алышпай, ошол жакка сапар тартышкан. Айрымдары романтикага, акча табууга же жалган диний баалуулуктарга кызыгып, азгырылуулардын курмандыгы болушууда. Кээ бир аял-кыздар интернет аркылуу бейтааныш адамдар менен таанышышып, сүйүүгө чалдыгышып, өздөрү жакындан тааныбаган адамдардын алдап чакыруусу менен жолго чыгышкан.

Аймактык ички иштер башкармалыгы кыз-келиндер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18