09:53, 26 апреля 2019, 24.kg

Азанчылардын мелдеши имам Сарахси мечитинде өтөт

Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте азанчылардын республикалык мелдеши өтөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Мелдеште 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү.

Жеңүүчү умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган 2 орунга баалуу белек-бечкектер берилмекчи.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жана «Мухаммад-Умар-Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан миңге чукул азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18