09:15, 26 апреля 2019, 24.kg

Бишкекте 30-апрелде «Китеп искусствосу!» аттуу көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкекте 30-апрелде «Китеп искусствосу!» аттуу көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик китеп палатасы уюштурган мыкты китеп сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.

Бул күнү балдар жана чоңдор үчүн ар кандай иш-чаралар өтөт. Ошондой эле Стив Джобстун өмүр баяны тууралуу жазылган чыгарманын кыргыз тилинде жарыяланган китебинин бет ачары болот. Муну менен катар бир канча чет элдик китептердин кыргызчаланган варианттары элдин сынына коюлат.

Көргөзмө борбордук аянттагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18