17:20, 25 апреля 2019, 24.kg

Наристе төөнөгүч жутуп алган. Курал кызыл өңгөчүнөн операциясыз алынды

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына төөнөгүч жутуп алган 9 айлык бала келип түштү. Аталган курал кызыл өңгөчүнөн операциясыз алынды. Бул тууралуу оорукана башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыров билдирди.

Айтымында, баланы Баткенден алып келишкен.

«Кадамжайдан 9 айлык наристе бешикте көз мончок менен ойноп жатып, анын төөнөгүчүн жутуп алган. Төөнөгүч ачылып, баланын кызыл өңгөчүнө туруп калгандыктан, ооруканага алып келишкен. Кулак, мурун бөлүмүнүн башчысы наристени карап, жалпы наркоз берип, эзофагоскоп аппаратынын жардамы менен төөнөгүчтү алып чыккан, Азыр баланын абалы жакшы», — деп билдирди дарыгер.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18