16:59, 25 апреля 2019, 24.kg

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды

Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго шилтеме берип жазды.

«Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз», — деди Кубатбек Боронов. 

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Бүгүн, 25-апрелде Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Тоң районуна барышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. Абылгазиев ошол учурда келишимге кол койгон жетекчилеруран иштетилерин билгенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18