16:45, 25 апреля 2019, 24.kg

Алдамчылыкка шектүү Асел Төлөмүшева Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөсү эмес

Алдамчылыкка шектелип жаткан Асел Төлөмүшева Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөсү эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кеңештин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.

Ал Асел Төлөмүшева чынында эле 2014-жылдан 2017-жылга чейин кеңештин мүчөсү болуп турганын тастыктады. Бирок, 2017-жылы жаңы курам бекитилип, шектелип жаткан аял курамга кирген эмес.

Эске салсак, Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөсү Асел Төлөмүшева ири өлчөмдөгү пара алып качып кеткен деген айып менен кармалган. Кийин ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18