16:20, 25 апреля 2019, 24.kg

Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип көз жумду

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына 29 жаштагы кыз агып кетип көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тар дарыясында балык кармап жаткан киши райондук милицияга телефон чалып, аял кишинин сууга агып бара жаткандыгын айткан. Балыкчы Кеңеш айылынын жашоочуларын чакырып, алар кыздын сөөгүн суудан алып чыгышкан. Каза болгон кыз аталган айылдын тургуну экендиги белгилүү болду.

«Кыз психикалык жактан жабыркап, атайын каттоодо турган. Окуя болгон күнү кызды туугандары таппай, издешкен», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18