15:07, 25 апреля 2019, 24.kg

Баатырбеков: Дамирбек Асылбек уулуна карата саясий чечим чыгып калды

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси Алмазбек Баатырбеков мурдагы кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту чыгарган чечимге макул эмес. Эл өкүлүнүн айтымында, Асылбек уулунун күнөөсү далилденген жок.

«Жакындары жана юристтери менен кеңешип, чечимге каршы даттанууну ойлонуп жатабыз. Мындай чечимге өзү, жакындары, биз да макул эмеспиз. Буга чейинки соттук териштирүүдө ыкчам тартылган тасманы көргөнбүз. Анда эч кандай күнөөсү жок экени көрүнүп турат. Бул саясий чечим болуп калды окшойт», — деди Баатырбеков. 

24-апрелде Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловду 10 жылга, Чыңгыз Абакировду 8 жылга эркинен ажыратты.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны — Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18