11:29, 25 апреля 2019, 24.kg

Окуучулардын ооруканага жатып калышына эмдөө эмес, ичеги-карын инфекциясы себеп

Баткен облусундагы окуучулардын массалык түрдө ооруканага жатып калышына эмдөөнүн реакциясы эмес, ичеги-карын инфекциясы себеп болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы текшерүүнү аяктады.

«Баткен облусунда жыл башынан бери 20 миң ден ашуун киши эмделген, анда кошумча реакция байкалган эмес», -деди ал.

Гүлбара Ишенапысованын айтымында, экинчи смендеги окуучулар ооруканага түшкөн. «Саат 11де алар кандайдыр-бир иш-чарага барып, жолдон гамбургер сатып алып мектептен түштөнүшкөн. Алардын белгилери ичеги-карын инфекциясына окшош болду, анткени АКД-М кусуу жана жүрөк айлануу сыяктуу кошумча белгилерди бербейт», -деди ал.

Эске салсак, буга чейин Баткенде окуучулар эмдөөдөн кийин ооруканага түшүп калды деген маалымат тараган болчу. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18