10:09, 25 апреля 2019, 24.kg

Уран кенинен техникаларды алып чыгып кетип башташты

Уран кенинен техникаларды алып чыгып кетип башташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, аталган аймакта иштер токтоп турат.

Техникалардын баарын жакынкы күндөрү алып кетишет.

Окуя болгон жерге биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барды. Ал жергиликтүү эл менен жолугуп, лицензия берилген компанияны иликтемекчи.

Эске салсак, «ЮрАзия» компаниясы «Таш-Булак» уран кенин казып иштетүүнө көздөп жаткан. Бирок, жергиликтүү эл буга каршы чыгып, жер-жерлерде нааразычылык акциялары уюштурулган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган болчу. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18