09:03, 25 апреля 2019, 24.kg

Бишкекте үй-бүлө, муундар фестивалы өтөт

Бишкекте «Мурас FEST» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет.

Алардын маалыматында, фестиваль «үй-бүлө — адамдын баалуу мурасы» урааны астында болот. Анда улуулар тарбия берүү менен маданияты, тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүшөт.

«Азыркы учурда балдар ар кандай гаджеттер менен убакытын өткөрүү менен таза абада, ден соолугуна пайдалуу оюндарды унутушууда. Ошондой эле ата-энелер, жумушка көбүрөөк убакыт бөлгөндө балдар менен карым-катнашы начарлап калган учурлар аз эмес. Кээ бир убакытта муундар арасында байланыш үзүлүп калган: чоң апа-аталар неберелери менен аз көрүшүп же өз балдарына аз убакыт бөлүшүшөт», — дейт «Ак Жоолук Ажары» фондунун директору Айжан Орозбаева.

Фестиваль учурунда көптөгөн оюндар, мастер-класстар өтүлөт жана ар бир конок: уул-атасы, кыз-энеси өздөрүн сынап баалуу белектерге ээ болушат. Кичинекей бөбөктөр үчүн кызыктуу улуттук оюндар, батут, бал муздак жана шоу-программа уюштурулат. Айымдар жана мырзалар да оюндарга жана атайын тренингтерге катышып бактылуу үй-бүлөнүн сырларын биле алышат.

Фестиваль 1-майда Чарпая этнокомплексинде өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18