08:57, 25 апреля 2019, 24.kg

Сауд Арабиясында бир күндө 37 киши өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабиясында 23-апрель күнү терроризмге айыпталган 37 киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу CNN аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме жасоо менен билдирди. Өлгөндөрдүн көбү — диний азчылык болгон шииттердин өкүлдөрү.

Бийлик тараткан расмий билдирүүдө өлүм жазасына тартылгандар «экстремисттик жана террористтик идеологияларды» жайылтууга жана диний жаңжал жаратуу үчүн «террордук уячаларды» түзүүгө күнөөлөнүшкөн.

Өлүм жазасына тартылгандарын ичинен кеминде эле 33ү — шиит. Алардын ичинен 11и 2013-жылы Ирандын пайдасына тыңчылык кылууга айыпталып камалган. Бул тууралуу Human Rights Watch уюму билдирүүдө. Калгандары 2012-жылы сауд бийлигине каршы уюштурулган башаламандык акцияларына катышканы айтылууда.

Сауд Арабиясында акыркы жолу жапырт түрдө өлүм жазасына тартуу жараяны 2016-жылы катталган. Анда бийлик бир күндө 47 кишинин өмүрүн кыйган, алардын арасында белгилүү шиит шейхи Нимр аль-Нимра да болгон. Бул калкынын басымдуу бөлүгү исламдын шиит агымын карманган Иранда жапырт нааразылык жараткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18