08:35, 25 апреля 2019, 24.kg

Жергиликтүү бийликтин катышуусунда Кызыл-Омпол уран кени мөөр менен бекитилди

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев баштаган жергиликтүү бийликтин, тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилди.

Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев ырастагандай, учурда кенде иш толук токтотулуп, жумушчулар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Компаниянын имараттарын жана техникалык каражаттарын Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкери нөөмөт менен кайтарууга алып турат.

22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18