Нурсултан Назарбаев отставкага кетүүсүн канча жыл пландаганын айтып берди
Нурсултан Назарбаев отставкасын үч жыл пландаган. Бул тууралуу ал «Нур Отан» партиясынын кезектеги сьездинде билдирди.
Казакстандын мурдакы президенти сьезде Касым-Жоомарт Токоевдин талапкерлигин колдоого чакырды.
Съезддин соңунда Нурсултан Назарбаевдин ыры "Менин өлкөм" ырдалып жаткан кезде элбасынын көзү жашып кетти. Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.