16:12, 23 апреля 2019, 24.kg

Казакстан: Кыргызстандын ветеринардык системасы ЕАЭБ нормасына жооп берет

Казакстан Кыргызстандын ветеринардык системасына текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгын ЕАЭБдин эквиваленттүү нормасы боюнча тааныды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине Экономика министри Олег Панкратов тастыктады.

Анын айтымында, ЕАЭБдин чечими бар, анда 2 пункт камтылган. Биринчиси- Кыргызстандын ветеринардык системасын бирикменин тиешелүү нормалары боюнча таануу, экинчиси- Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) кирүүдө товарларды жүгүртүүдө көзөмөл кылуу боюнча казакстандын системасын таануу. Чечимге Орусиядан башка өлкөлөр кол коюшту.

«Орусия азырынча Казакстандын товарларын көзөмөлдөө системасын таануудан баш тартты. Учурда тараптар маселени талкуулап жатышат. Бирок, биз Казакстандын системасын тааныдык, алар болсо биздин ветеринардык системаны таануу тууралуу чечимге кол коюшту. Орусия чечимге кол коеру менен ал күчүнө кирет», -деди министр.

Кыргызстандын ветеринардык системасын ЕАЭБдин эквиваленттүү нормасы боюнча таануу тууралуу маселе 2015-жылдан бери чечилбей келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18