ӨКМ: Үч ай ичинде өрт кырсыктарынын саны 19,1 пайызга азайган
2019-жылдын үч ай ичинде республика боюнча 766 өрт кырсыгы катталып (2018-ж. 947), өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 19,1 пайызга азайган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өрттөн 25 адамдын өмүрү жана 478 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 9,9 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 36,8 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 0,5 пайыз, балдардын от менен ойноосунан 6,3 пайыз өрт кырсыгы болду.