14:20, 23 апреля 2019, 24.kg

«Коопсуз шаар». 19 байкоочу камера четки айылдарга орнотулду

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 19 байкоочу камера чет жактарга орнотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вега» компаниясынан билдиришти.

Учурда камераларды орнотуу иштери уланууда. Жумуш 24-апрелде аяктайт. Андан соң комиссия ишти качан баштай турганын чечет.

Камералар орнотула турган жайлар:

— Пригородное айылында, 9-чакырымда;

— Достук айылына бурулган жерде, 10,2- чакырымда;

— «Манас» аба майданына бараткан жолдо, 13-чакырымда;

— Ак-Жол айылында, 14,5- чакырымда;

— Манас айылынын борборунда 22,5- чакырымда;

— Манас айылындагы «Ак-Жол» май куючу жайда, 23-чакырымда;

Ошондой эле «Манас» аба майданында , Ленин айылынын айрым көчөлөрүндө, Токмок шаарында, Сайлык, Чым-Коргон, Искра, Жаңы-Алыш, Алга айылдарында жана Кемин шаарчасында камера иштеп баштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18