11:01, 23 апреля 2019, 24.kg

Эски аянттагы митинг. Садыр Жапаровдун тарапташтарына «Ата Мекенчилер» кошулду

Photo 115267

Бишкектин эски аянтында митингге чыккан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарына «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары келип кошулду.

Чогулгандар бир ооздон «Текебаевге боштондук», «Жапаровго боштондук» деп кыйкырышууда. Уюштуруучулар катышуучуларга чагымчылдыкка алдырбоону эскертишүүдө.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сотто экс-депутаттын мөөнөтүн кыскартуу каралмак. Бирок, Жогорку соттун соттук коллегиясы Садыр Жапаровдун жактоочусунун Судья Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөткөнү боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Эми Лепес Темирбеков ишти кароодон четтетилди. Соттук коллегиянын жаңы курамы түзүлүп, кийинки отурум 30-апрелге жылдырылды.

Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра каралат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18