10:18, 23 апреля 2019, 24.kg

Садыр Жапаровдун жактоочулары судья Лепес Темирбековго ишенишпейт

Садыр Жапаровдун жактоочулары төрагалык кылган судья Лепес Темирбековго ишенишпейт. Бул тууралуу экс-депутаттын жактоочусу Токтосун Шарабидинов билдирди.

Анын айтымында, Лепес Темирбеков буга чейин Садыр Жапаровду соттоп, адилетсиз өкүм чыгарган.

«Сиздин бул коллегияны жетектөөгө укугуңуз жок. Сиздин жеке гана кызыкчылыгыңыз бар. Сизди четтетүүнү каалап жатабыз. Лепес Темирбеков деген ысымды соттордун атын жаманатты кылган деген ат катары китепке киргиздим», -деди жактоочу.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18