09:41, 23 апреля 2019, 24.kg

Баткен жана Ворухтун калктуу пункттарында кайрадан жаңжал чыкты

Чек арага жакын жайгашкан Баткен жана Ворухтун калктуу пункттарында кайрадан жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү калк билдирди.

Алардын айтымында, кечээ Баткендик 2-класстын окуучусу шагыл жүктөп жаткан Тажикстандык жаранга карата таш ыргыткан. Баланы Ворухтун милициясы кармап кеткен. Жергиликтүү эл чыгып, баланы кайтарып берүүнү талап кылышкан.

«Жол жабылган жок, баланы кайтарып беришкен соң эл тарап кеткен», -деп билдиришти алар.

Учурда абал туруктуу. Аймактагы өкмөттүн өкүлчүлүгү азырынча окуя тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, 13-мартта дагы эки мамлекеттин чек арасында жаңжал чыккан. Окуя Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18