16:45, 22 апреля 2019, 24.kg

Алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод 500 кишини иш менен камсыздайт

Биметаллдык алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод 500 кишини иш менен камсыздайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЭЭА аймагындагы «Тан Дем» ЖЧКсынын заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышып жатканда маалым болду.

Ишкананын директору ишке ашырылып жаткан долбоорлор, иштин жүрүшү жана жалпы
технологиялык процесс тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, курулуп жаткан ишкана 60 миң чарчы метр аянтты ээлейт, анда биметаллдык
алюминий радиоторлорду чыгаруучу завод жана кошумча имараттар жайгаштырылат.
Учурда куюучу, ээритүүчү, механикалык жана боёочу цехтердин, ошондой эле административдик
имараттын курулуштары аяктаган жана техникалык ишке берүү жүргүзүлгөн.

Биринчи баскычта кубаттуулугу 7 миллион даана болгон линияны ишке киргизүү пландалууда.
Заводдун долбоордук кубаттуулугу 22 миллион даана алюминий радиотору болсо, ал эми иш менен камсыз кылуу 400-500 адамды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18