16:36, 22 апреля 2019, 24.kg

Адахан Мадумаров Алмазбек Атамбаев менен биригүүсүн четке какты

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаев менен биригүүсүн четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев менен акыркы жылдары жолугушкан эмес.

«Мурдакы бийликте менин Бакиевдин эң ишенимдүү адамы катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Эми бизде Алмазбек Атамбаев менен байланыштырышууда. Жолугушканда да, сүйлөшкөндө да жокпуз», — деди ал.

Адахан Мадумаров казак президенти Касым-Жоомарт Токоев менен түшкөн сүрөтү боюнча дагы түшүндүрмө берди. Бирок, сүрөт качан тартылганын тактаган жок.

«Көптөгөн саясатчылар менен байланышым бар, жеке мамилем дагы бар. Чогуу депутат болуп жүргөн, өкмөттө иштеген кезден берки мамилелер бар. Башкалардан айырмаланып, мен камера көтөрүп жүрбөйм. Бул адамдык мамилебиз бойдон калсын», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18