15:24, 22 апреля 2019, 24.kg

Уран казуу иштери. Экологиялык экспертиза аяктаганга чейин иш токтотулат

Кызыл-Омпол уран кениндеги иш убактылуу токтотулат. Бул боюнча бүгүн өкмөт чечим кабыл алды.
 
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды.

Өкмөт башчы мамлекеттик комиссияга иш-планын иштеп чыгуу жана бекитүү, айлана чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адамдын саламаттыгына тийгизген таасирине карата мониторинг жүргүзүүнү жана талдоону тапшырды.
 
Өкмөттүн маалыматында, «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсы КРда 2004-жылы катталган, 2010-жылы 18-ноябрда компания Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кенин геологиялык изилдөө максатында колдонууга 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө укук алган.

2013-жылдын 10-июлунда лицензия уран, торий, цирконий, темир, титан, фосфор, сейрек кездешүүчү топурак элементтерин жана талаа шпатын геологиялык чалгындоо иштерине багытталып кайра түзүлгөн. 2012-жылдан тартып жалпысынан «Кыргызстандагы ЮрАзия» инвесторлору геологиялык чалгындоо программаларына 271 миллион сом салышкан. Компания Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18