14:22, 22 апреля 2019, 24.kg

Ошто «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форум өттү

Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» биринчи телекоммуникациялык форум өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумга мамлекеттик органдардын, депутаттык корпустун, бизнес-коомчулуктун, электр байланыш компанияларынын операторлорунун, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын 500дөн ашык өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумдун катышуучулары санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, күндөлүк көйгөйлөрдү жана өлкөнүн санарип экономикасынын негизи катары байланыш тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда, чет элдик жана ата-мекендик телекоммуникация рыногун талдап, өлкөнү санариптештирүү процессиндеги электр байланыш операторлорунун иш тажрыйбасын карашууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18