Жумгалда 1,5 гектар аянттагы камыш өрттөнүп кетти
Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Кара-Ой аймагында 1,5 гектар аянттагы камыш өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда аталган кырсыктын себеби такталып жатат.