10:10, 22 апреля 2019, 24.kg

«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү. Индия маданиятынан көз ирмемдер

21-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде, «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Индиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өздөрүнүн маданиятын таанытты. Келген меймандар индиялыктардын ыр-бийлерине күбө болушту. 

Photo 115039

Иш-чаранын жүрүшүндө индия элине гана эмес, дүйнө жүзүнө атагы чыккан чайлардын көргөзмө жарманкеси уюштурулду. 

Индиянын сулуу кыздары келген жаштардын колдоруна кына менен мехенди, убактылуу татуировка тартып беришти. 

Индияда белгилүү спорттун бир түрү болгон таяк тартышуу оюну, шахмат көрсөтүлдү.

Индиялыктар кына боегу менен асфальт бетине сүрөт тартышты.

Эске салсак, иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. 28-апрелге чейин Жибек жолу кесип өткөн өлкөлөрдүн Кыргызстандагы 16 элчилиги катышып, ар бири бөлүнгөн бир күндө өз өлкөсүн таанытат. 

Photo 115031

Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18