09:09, 22 апреля 2019, 24.kg

«Ош -түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору» ачылыш аземинен сүрөттөр

20-апрелде «Ош -түрк дүйнөсүнүн маданий Борборунун» ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 114998

Иш чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ишмерге биринчи жолу тапшырылууда. 

Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөр менен биргеликте театрлаштырылган оюн-зоок программасын жана түрк дүйнөсүнүн маданий ишмерлеринин гала-концертин көрдү жана ошондой эле сөз сүйлөп, Ордолуу Ош — Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар экенин белгиледи.

«Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору» катары жарыяланышы — мыйзам ченемдүү көрүнүш», — деп баса белгиледи президент. 

Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору деп жарыялоо боюнча салтанаттуу аземдин ачылышына Азербайжан, Босния, Казакстан, Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан кыргызстандыктар келишти.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18