09:16, 19 апреля 2019, 24.kg

Владимир Путин тажик мигранттарына мунапыс жарыялоого убада берди

Владимир Путин ар түрдүү себептерге байланыштуу Орусияга кире албай калган тажикстандык жарандарга мунапыс жарыялоо боюнча тажик президенти Эмомали Рахмондун сунушуна макул болду.

Путин Орусия Ички иштер министрлигине бул маселени чечүү чараларын кабыл алууну тапшырды.

«Биздин өлкөдө Орусияга келген тажикстандыктар, алардын үй-бүлөсү жакшы жашап, окуп, иштеп, өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуу сезүүсү үчүн көп иштер жасалып жатат. Бул өтө маанилүү, себеби Орусияда болжол менен 1,2 миллион Тажикстан жараны жашап, иштеп жүрөт. Ал эми алардын өз мекенине жөнөтүп жаткан каражаттары өлкө экономикасы жана үй-бүлөлөрү үчүн олуттуу жардам болуп эсептелет», — деди Владимир Путин.

17-апрелде Кремлде Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жолуккан. Жолугушуунун жыйынтыгында 17 документке кол коюлган. Алардын арасында Тажикстан жарандарын убактылуу Орусияга иштөөгө жөнөтүү келишими да бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18