14:25, 18 апреля 2019, 24.kg

Атамбаев Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлерине чара көрүүнү талап кылат

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, КСДПнын жетекчилигине Сагынбек Абдырахмановду каттаган Юстиция министрлигине чара көрүүнү талап кылат. Бул тууралуу партия билдирди.

Маалыматта, Алмазбек Атамбаев Өткүрбек Жамшитовго арыз жолдоп, андан партиянын укуктарын кайра ордуна келтирүү суранат.

«Юстиция министрлигинин бул кадамы тез арада калыс каралып, иликтенсин. Алар кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасап жатышат», — дейт экс-президент.

Белгилей кетсек, бүгүн Юстиция министрлиги Сагынбек Абдырахмоновду КСДПнын төрагасы катары каттаганы белгилүү болду. Министрлик партиянын съездинин жыйынтыгы боюнча берилген билдирүүнүн негизинде жетекчилиги өзгөртүлгөнүн билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18