09:50, 18 апреля 2019, 24.kg

Россиядагы элчи Москвадагы мигранттардын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Москвадагы мигранттардын коомдук уюмдарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу элчилик маалымдайт.

Жолугушууга Москвада иштеген кыргыз мигранттарынын жети облусунун коомдук уюмдарынын жетекчилери катышты.

«Кыргызстандын экспорттук жана туристтик потенциалын Россиянын рынокторуна алып чыгуу маселелери талкууланып, Москва облусу менен Москва шаарындагы кыргызстандыктардын актуалдуу мселелери боюнча пикир алмашуулар болду», — дейт элчилик.

Жолугушуунун негизги максаты Москва шаарында «Күнөстүү Кыргызстан. Ысык-Көл — 2019» аталган туристтик форумду өткөрүүгө даярдык көрүү маселесин талкуулоо болду. Форум май айында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18