18:02, 17 апреля 2019, 24.kg

Германия Бишкек, Талас, Ошто 21 миллион еврого ооруканага курат

Германиянын өкмөтү Кыргызстанда ооруканаларды куруу үчүн 21 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга жасаган расмий визити учурунда бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Алардын катарында финансы министри Бактыгуль Жеенбаев жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн үч келишимге кол койгон.

Бул документке ылайык, 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, Талас шаарында 6 млн еврого перинаталдык оорукана курулат. Кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканага жумшалат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18