14:44, 17 апреля 2019, 24.kg

Рыскелди Момбеков: Нариман Түлеевдин байлыгын рейдерлик жол менен тартып алышкан

Бишкек шаарынын мурдакы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү мыйзамсыз конфискацияланган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, Нариман Түлеевдин мүлкүн конфискациялоо боюнча соттун өкүмүндө айтылган эмес.

«Ал түрмөдө олтурду, кетирген чыгымды төлөп берди. Бирок, ага карабай, мүлкүн дагы, атасынын ишканаларын кошо конфискациялап жатат. Бул эмне деген? Соттун өкүмүндө мүлкүн тартып алуу жөнүндө айтылган эмес. Бир гана камоо керектиги айтылган. Бирок, ага карабай рейдерлик кылып тартып алышкан. Жаңы жагдайлар боюнча ушуну карап чыксаңар», — дейт Момбеков. Депутаттын пикиринде, мурдакы биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкүн конфискациялоо мыйзамдуу.

Эскерте кетсек, Нариман Түлеев «жемкорлук» беренеси менен соттолгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18