14:10, 17 апреля 2019, 24.kg

Малика Суранчиева: Катарда жумушчулардын укугу жакшы корголгон

Photo 114392

Малика Суранчиеванын кесиби котормочу. Ал 2015-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унивеситетинде «Лингвистика жана маданият байланыштары» адистиги боюнча билим алып чыккан.

Мекендешибиз учурда Катар мамлекетинде иштеп жатат. Ал биринчи жолу студент кезинде 2012-жылы «Араб борбору» компаниясы аркылуу жумуш таап, иштеп кеткен. Кайра 2016-жылы 29-февралда келип, «Супервайзер Аутлет» (outlet supervisor) Шакаб компаниясында эмгектенүүдө.

Катардагы кыргыз  диаспорасынын өкүлү Малика Суранчиева чет жердеги кызыктар тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

— Катарда, анын ичинен Дохада кыргыздар көппү?

— Катар мамлекетинде 350-400дөй кыргыз жарандары иштешет. Анын арасында, Кыргыз элчилигинде 170 кыргыз жарандары расмий каттоодо турат. Мекенибизден алыс жүрсөк дагы, ар кандай иш -чараларды өткөзүп, майрамдарда жолугушабыз.

Эң башкысы Кыргызстандын Катардагы элчилиги өздөрүнүн кызматын эң жакшы деңгээлде аткарып жатат деп ойлойм. Алар биздин жарандарда, жумуштарында же кандайдыр бир көйгөйлүү маселелери жаралып калганда ар тараптан колдоо көрсөтүп, жардамын аяшпайт.

Катардагы кыргыз жарандары, бири-бирибизди жакындан таанып-билип калдык. Албетте, улуттук майрам күндөрү чогулуп, бирге тоскону аракет кылабыз. Эс алуу күндөрү жаратылыш койнуна чыгып эс алабыз.

— Жергиликтүү арабдар менен кыргыздардын окшош сапаттары бар бекен?

— Катар мамлекети бай, ошондой эле жергиликтүү элинин маданий деңгээли дагы аябай бийик десем болот. Келген меймандарын сыйлашат, абдан меймандос, кичи пейил келишет. Тынч өлкөлөрдүн бири, мыйзамы күчтүү, эч коркпой, кеңири жүрөбүз. Аялдары узун кара абая көйнөктөрүн кийишет, эркектери жалабия -узун ак көйнөктөрдү кийип жүрүшөт.

Photo 114391

— Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы?

— Катарда аз убакыт жүрсөм дагы Кыргызстанды сагынам. Бирок, азырынча кайтып баруу планда жок. Үй-бүлөм, жолдошум менен 1 кызым Кыргызстанда. Жолдошум ал жактан, мен бул жакта эмгектенип, үй-жай салып алууну көздөп жатабыз.

— Ал жакта мыйзамсыз жүргөн кыргыздар барбы?

— Бул боюнча так маалыматым жок, албетте мында келип иштеймин деп айткандар көп. Бул жакка келиш оңой эмес, анткени Катардын мыйзымы күчтүү.

— Жардам сурап кайрылган кыргызстандыктар болобу?

— Албетте кайрылгандар болот. Жеке мага эмес, Катарда жүргөн башка досторумдан да сурашат. Бизде кыргыздардын өзүнчө вотсап группасы бар. Эгерде мүмкүнчүлүк, же жумуш чыгып калса, биз группага жазып, бири-бирибиз менен байланышабыз. Колубуздан келишинче жардамыбызды аябайбыз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18