11:34, 17 апреля 2019, 24.kg

Чүйдө чөгүп кеткен баланы 115 куткаруучу, Казакстандын суучулдары издөөдө

Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы каналга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 115 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон.

Издөө иштерин улантуу максатында жалпы 142 куткаруучу, водолаздар тартылган.

Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00 издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.

17-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында 115 куткаруучу тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18