08:45, 17 апреля 2019, 24.kg

Орусия Тажикстанга орус тилдүү беш мектеп куруп берет

Орусияда расмий сапар менен жүргөн Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда эки өлкө Тажикстанда орус тилдүү беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге кол коерун билдирди.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, "Рахмон долбоор жакынкы убакта ишке ашат деген үмүттө.

Буга чейин Тажикстандагы мектептер негизинен Дүйнөлүк банктын акчасына салынып келген. Бирок 2019-жылдын башында банк жана башка эл аралык донорлор Тажикстанды колдоо программаларын токтотушкан.

Орусия дагы соңку 12 жылдан бери Тажикстан мектептерине жардам берип келет. 2017-жылы өлкөгө 1-11-класстар үчүн орус тилиндеги 60 миң окуу китеби жөнөтүлгөн. Ошол маалда Тажикстанда 31 мектеп орус тилинде билим берген. Китептер орус тилин чет тил катары окуткан тажик мектептерине да таратылган.
Орусия Тажикстанга мугалимдерди да жөнөтүп турат. Тажик бийлиги аларды турак-жай менен камсыздайт, калган чыгымдарды, анын ичинде 1000 доллардан ашык айлык акыны орус тарап төлөп берет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18