13:02, 16 апреля 2019, 24.kg

Башкы прокурор эң коррупцияланган мамлекеттик органдарды атады

Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги, Мамлекеттик экотехинспекциясы жана  Саламаттык сактоо министрлиги эң жемкорлошкон мамлекеттик органдар. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште комитеттин жыйында билдирди. 

Коррупцияга барган мекемелердин катарында Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик коргоо комитети дагы аталды. 

«Мыйзам бузуу Юстиция, Экономика жана Финансы министрлигинде аз катталган. Бул негизинен бизге келип түшкөн арыздар менен текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталды», — деди Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун жылдык отчетун 17-апрелде палатада карайт. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18