12:19, 16 апреля 2019, 24.kg

Дача-СУ боюнча козголгон кылмыш иши карай жанданды

Чүй облусунун Дача-СУ айылына Боинг-474 учагынын кулашы боюнча козголгон кылмыш иши карай жанданды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште комитеттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, иш кайра иликтенип жатат.

«Бирок мен иштин кызыкчылыгы үчүн ачык маалымат бере албайм», — деди Өткүрбек Жамшитов.

2017-жылы 16-январдын таңында айылга жүк ташуучу Boeing-747-400 учагы кулап түшкөн. Кырсыктан Кыргызстандын 35 жараны жана Түркиянын жараны болгон төрт экипаж мүчөсү мерт болгон.

Белгилей кетсек, жүк ташуучу Боинг-474 учагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү товарды Кыргызстанга ташып келе жатканы дагы айтылган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18