2019-жылдын эки айында Кыргызстанга мигранттар 344,6 миллион доллар которду
2019-жылдын январь-февраль айында Кыргызстанга 344,6 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.
2018-жылдын алгачкы эки айына салыштырмалуу акчалай которуулар 34,5 миллион долларга өстү.
2019-жылдын февраль айында 179,4 миллион доллар которуп, айлык көрсөткүчтү 14,2 миллион долларга көбөйттү. Андан кийинки орунда АКШда иштеген кыргыздар. Алар 4,3 миллион доллар, калган мамлекеттерден 1,9 миллион доллар жөнөтүшкөн.
Ошол эле учурда өлкөдөн 74,8 миллион доллар чыгарылган. Көп бөлүгү — 74,3 миллион доллар Россияга которулган.
Ошондо өлкөдө калган акча 2019-жылдын эки айында 269,8 миллион долларды түздү.