10:05, 16 апреля 2019, 24.kg

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин камакка алды

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин камакка алды. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине белгилүү болду.

Маалым болгондой, «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-секретар Данияр Бакчиев и Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев камалды.

Коопсуздук кызматы биометриялык паспортторго бланка сатып алуунун алкагында иш козгогон.

Мамлекеттик каттоо кызматы аталган кызматкерлердин ордунда жоктугун ырасташты. Ал эми «Инфоком» Талант Абдуллаевдын эмгек өргүүдө экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, тендердик комиссия сынактын жеңүүчүсү катары Garsu Pasaulis компаниясчын тапкан. Компания 40 миллион 150 миң сомго бланкаларды алып келүүгө даяр. Тендерге катышкан IDEMIAFrance SAS сынак жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, УКМКнын Жемкорлук менен күрөшүү кызматы тергөө иштерин баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18