09:39, 16 апреля 2019, 24.kg

Германиядагы кыргыздар президенттен түз аба каттамын ачууну суранышты

Мюнхен шаарында Сороонбай Жээнбеков Германияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Анда мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. «Мекендештер» Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз» — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Маалыматка караганда, Германиядагы мекендештер мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, «Мекен карт» долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков Берлин шаарында жолугушууларды өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18