17:47, 15 апреля 2019, 24.kg

Кыргызстанда 174 миң адам жумушсуз

Кыргызстанда 174 миң адам жумушсуз. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жумушсуз катары расмий каттоодо тургандар 70 миң 900 адам. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 миң адамга жетет.

Кочкоров министрликке жыл сайын өлкөдө жакырчылыкты бир пайызга азайтуу боюнча милдеттенме жүктөлгөнүн жана ал үчүн атайын улуттук долбоор иштелип чыкканын билдирди. Министр бул долбоор жумушсуздукту азайтаарын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18