15:52, 15 апреля 2019, 24.kg

Диний аалым Кадыр Маликов абактагы Мурат Суталиновду бошотууну суранат

«Мурат Суталиновго ырайымдуулук кылып, аны бошотууну суранам», — деп диний аалым Кадыр Маликов сот органдарына кайрылды.

Кадыр Маликов, дин кечиримдүү болууга чакырарын эскертип, өлүм алдында турган адамга гумандуулук көрсөтүүнү суранган.

«Айрыкча шишиктин IV деңгээли менен ооруган адамды кыйноо, шылдыңдоо туура эмес. Биз ансыз деле сот тутумуна ишенбейбиз, бирок, мен сиздерден адам катары суранып жатам», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын мурдакы төрагасы Мурат Суталиновго ден соолугуна байланыштуу боштондук берүү боюнча соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Буга чейин дагы бир нече жолу соттук отурум үзгүлтүккө учураган.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18