10:07, 15 апреля 2019, 24.kg

Тажикстанда интернет кымбаттады

Тажикстанда Монополияга каршы кызматтын мобилдик Интернет менен NGN аркылуу телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифин көтөрүү жөнүндө буйругу күчүнө кирди.

Тажик өкмөтү мобилдик операторлорго кайрылып, 4-апрелден баштап буйрукту аткарууну тапшырды. Мындан ары Интернеттин 1 Мб — 5 дирамдан кем болбойт. Эгер буга чейин тажик операторлорунун 1 гигабайт интернети болжол менен 30-35 сомони (3-3,6 доллар) турса, эми 51 сомониге (5,3 доллар), кошумча нарк салыгын эсептегенде 63 сомониге (6,7 доллар) чейин кымбаттады Мындан тышкары NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн баасы 10 эсеге — 10-12 дирамдан (0,01 доллар) 1,2 сомониге (0,12 доллар) чейин жогорулады.

Буйрук 27-марттан баштап күчүнө кириши керек болчу. Бирок монополия каршы кызмат менен мобилдик операторлордун сүйлөшүүлөрүнөн улам мөөнөт бираз узарган.

Мобилдик компаниялар кур дегенде Интернет тарифтерин төмөндөтүүгө аракет жасашкан. Бирок өкмөттүн чечимин өзөртүүгө мүмкүн болгон эмес.

Түрдүү маалыматтар боюнча Тажикстанда калктын 15 пайыздан 40 пайызга чейинки бөлүгү интернет колдонот. Тажик Байланыш кызматы бүгүнкү күндө өлкөдө үч миллионго жакын интернет колдонуучу бар экенин билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18