08:58, 15 апреля 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Германияда расмий иш сапар менен жүрөт

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Германияда расмий иш сапары башталат. Ал кечээ Мюнхен шаарына учуп келди.

Визиттин биринчи күнү экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышат, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт. Андан тышкары, айыл-чарба ишканасына барат.

Мюнхен шаарында президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херман менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушат. Эртең, Берлинде, Сооронбай Жээнбековдун ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары пландаштырылган. Сооронбай Жээнбековдун Германияга болгон расмий визитинин жыйынтыгы боюнча дипломатиялык алакалар, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18