08:58, 15 апреля 2019, 24.kg

Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын чет өлкөдөгү имиджин көтөрөт

Өзбекстан президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Photo 113894

12-апрелде өткөн коллегияда президент администрациясынын башчысы агенттиктин жаңы жетекчилигинин курамын тааныштырды. Үч орун басардын бирөө — Өзбекстан президентинин тун кызы Саида Мирзиёева.

Президент Мирзиёевдин кызы чет өлкөдө «Өзбекстандын имиджин калыптандыруу» үчүн жооптуу болот. Ал агенттик менен мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишин дагы жөнгө салат.

Буга чейин өзбек басылмалары президенттин кенже кызы Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси экенин жазышкан. Өзбекстан президентинин расмий өмүр баянында анын аялы, эки кызы, бир уулу жана беш небереси бар экени айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18