15:17, 12 апреля 2019, 24.kg

2018-жылы ички дүң өндүрүм 3,5 пайызга өстү

2018-жылы ички дүң өндүрүм 3,5 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өсүш төмөнкү тармактар аркылуу камсыз кылынган: курулушта 7,8 пайыз, өнөр жайында 5,5пайыз, айыл чарбасында 2,7 пайыз, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1 пайыз өсүш катталган.

«Тышкы карыздын үлүшү ИДПга карата 53,1%дан 48%га түшүрүлдү. Баса белгилей кетсек, макроэкономикалык туруктуулук биринчи жолу чет элдик жардамдардын же сырттан келген финансылык каражаттардын эсебинен эмес, өзүбүздүн колдо болгон бардык ресурстарды иштетүүнүн жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен жетишилген», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18