12:30, 12 апреля 2019, 24.kg

Азимбек Бекназаров: Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат

«Өмүрбек Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат» — деп мурдакы башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди.

Саясатчынын пикиринде, «Республика» партиясынын лидери тынч келип, элди ашыкча дүрбөтпөсө болмок.

«Бизди эч ким каржылабайт. Америкадан дагы, Россиядан дагы акча албайбыз. Биз дагы оппозициябыз, бирок, мыйзам менен гана күрөш жүргүзөбүз. Элди көчөгө алып чыкканга каршыбыз. Өмүрбек Бабанов Марска барып келгендей ызы-чуу менен келе жатат. Алардын колунда гезит, сайттар, журналисттер. Алар акча менен баарын чечет», — деди Азимбек Бекназаров.

Ал Элдик курултайдун максатын колдогон баардык саясатчылар менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

«Эгер Бабанов биздин максаттарды колдосо иштешебиз, бирок жеке кызыкчылыгын көздөсө, аны дароо эле билип коебуз. Мен Бабанов менен чогуу иштегенмин, тууганым дагы. Аны өтө жакшы билем», — дейт Бекназаров.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18