12:19, 12 апреля 2019, 24.kg

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт

Photo 113693

Элдик курултай референдум өткөрүү үчүн кол топтоп баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында Азимбек Бекназаров билдирди.

Мыйзам долбоор иштелип чыгып, Юстиция министрлигинен каттоодо өттү.

«27-апрелде экинчи элдик курултай өтөт. Ошол жерде кол топтоону баштайбыз. Конституцияга ылайык 10 миң жаран макулдугун берсе, мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке киргизилет», — дейт Азимбек Бекназаров.

Референдумга үч суроо алып чыгылат: Президенттин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жылдык отчетун Бүткүл элдик курултайда каралышы жана ага баа берилиши; Президенттик, же парламенттик башкаруубу; Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо системасын өзгөртүү. «Президент Сооронбай Жээнбеков конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы. Ал 2020-жылга чейин өзгөртүүнүн кереги жок дейт. Биз анын позициясын ачык билдиргенин сыйлайбыз. Ушундай ачык айткан саясатчылар менен иштөөгө даярбыз. Бирок, биз 2020-жылкы парламенттик шайлоого чейин конституциялык реформа зарыл деп эсептейбиз», — дейт Азимбек Бекназаров.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18